Жол кырсыктары жыл башынан бери 40тан ашык баланын өмүрүн алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери балдар катышкан тогуз жүздөн ашуун жол кырсыгы катталып, кырктан ашуун бала каза болуп, 1000ден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ)маалымат таратып, каза болгон балдардын 53% машиненин ичинде болгонун белгиледи.

Жол кырсыктарында коопсуздук куру жана балдарды коргоочу шаймандар жок же аларды колдонуу эрежеси бузулган. ИИМ мыйзамга ылайык, төмөнкү учурда 12 жашка чейин балдарды ташууга тыюу салынарын эскертти:

- мотоциклдин артында;

- борттук платформасы бар жүк ташуучу унаанын кузовунда;

- жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда, баланын боюна жана салмагына ылайык келген балдарды кармап туруучу атайын жабдык жок болгон учурда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, соңку алты айда үч миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 270тен ашык адам мерт болду. (TSh)

Дагы караңыз

ТИМ Алматыда кармалган кыргыз ишкер жөнүндө маалымат таратты