"Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын" орун басары болуп Жоробеков бекиди

Азаматбек Жоробеков.

Улуттук банк “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Азаматбек Жоробековду дайындоого макулдук берди.

Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылат.

Ачык булактардагы маалыматтарда айтылгандай, 49 жаштагы Азаматбек Жоробеков Түркия, Казакстанда жогорку билим алган. Ал көп жылдардан бери банк тармагында иштеп келген.

Министрлер кабинети тиешелүү мыйзамдын алкагында 2022-жылы 31-майда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасын түзүү токтомун чыгарып, ачык акционердик коом Юстиция министрлигинен 2022-жылдын 25-июлунда каттоодон өткөн.

Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын иликтеп чыккан соң, маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Евгения Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген.

Май айында Сарбанов иштен кетип, анын ордун Талант Өмүралиев ээлеген. (TSh)

Дагы караңыз

ТИМ Алматыда кармалган кыргыз ишкер жөнүндө маалымат таратты