Киев Орусиянын ракеталык комплекси жок кылынганын билдирди

С-400 зениттик-ракеталык комплекси.

Украинанын чалгын башкармалыгы аннексияланган Крымда Орусиянын С-400 “Триумф” ракеталык комплекси талкаланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылуунун натыйжасында комплекстеги ракеталар жана өздүк курам толугу менен жок кылынган.

23-августта эртең менен Крым жарым аралынын батышындагы Оленевка айылына жакын жерден тартылган коюу түтүндүн сүрөтү Telegram-каналдарга жарыяланган.

Жергиликтүү тургундар жарылуу болгонун билдиришкен.

Орус бийлиги буга комментарий берген жок. Бирок Орусиянын Коргоо министрлигине байланышы бар "Рыбарь" каналы С-400 эмес, С-300 жардырылганын маалымдады.

С-300 жардыруу болгон жерге 13 жыл мурда орнотулганы тууралуу маалымат Wikimapia сайтында бар экенин "Свобода" радиосу тактады.

Киев Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымды жана башка оккупацияланган аймактарды толугу менен бошотуп алуу ниетин такай айтып келет.

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасы: ЕАЭБдин иштебеген эрежелери ТИМ Алматыда кармалган кыргыз ишкер жөнүндө маалымат тараттыЖапаров өкмөт Бишкек менен Ошко мектеп курбай турганын айтты