Пакистандын Пенжаб провинциясында суу каптаган айылдардан 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар кызматы 23-августта билдирди.
Үч күн мурун Сатлуж дарыясы ташып, көптөгөн айылдарды жана миңдеген гектар эгин талааларын каптаган. Куткаруучулар жашоочулар менен кошо мал-жандыктарды да коопсуз жакка алып чыгышты.
Пенжабдын башчысы Мохсин Накви жаан-чачындан улам Индиянын бийлиги суу сактагычтагы ашыкча сууну дарыяга кое берүүгө аргасыз болгонун, бул чек аранын Пакистан тарабында ташкындоого алып келгенин айтты.
Индия буга комментарий бере элек.
Дагы караңыз
ИИМ: Кыргызстандан 23 млн доллар чыгарууга шектүү чет өлкөдөн кармалдыКыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” бекетинде да кезек пайда болдуНавальныйдын командасы Путиндин жаңы яхтасы тууралуу иликтөө жарыяладыМектептерде китептин ижара акысы 25 сом бойдон калды