Жапония "Фукусима-1" атомдук электр станциясынан чыккан сууну 24-августтан баштап Тынч океанга төгө баштайт. Бул тууралуу 22-августта премьер-министр Фумио Кисида кабарлады.
Июль айында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик океанга төгүлө турган суу коопсуздук стандарттарына туура келерин жана «айлана-чөйрөгө жана адамдарга анчалык деле радиологиялык зыян келтирбестигин» айткан.
Ошол эле маалда айрым мамлекеттер буга тынчсыздануусун билдирүүдө. Kyodo News басылмасы жазгандай, июль айында Кытай менен Орусия чогулган сууну бууга айлантуу вариантын карап көрүүнү сунушташкан. Расмий Бээжин ошондой эле жапон деңиз продукцияларын тыкыр текшерүүдөн өткөрүү талабын киргизди. Ал эми Түштүк Корея эч каршылыгы жок экенин, МАГАТЭнин бүтүмүн сыйлаарын билдирди.
2011-жылы цунамиден улам "Фукусима-1" атомдук электр станциясында болгон авариядан бери реакторлорду муздатуу үчүн колдонгон 1,3 миллион тонна суу чогулуп калган. Ал сууну тазалап, атайын резервуарларда сактап келишкен. Эми ал сууну төкпөсө, 2024-жылы ташый баштаары маалым болду.
2024-жылдын март айына чейин Жапония океанга 31,2 миң тонна суу төгүүнү көздөп жатат. Планга ылайык, резервуардагы суу менен деңиз суусун чабыштырып, андагы радионуклиддердин концентрациясын азайтышат. Андан соң атайын суу алдындагу тоннель аркылуу океанга кетиришет. Суу 30 жылдын ичинде толук төгүлүп бүтөт.
Дагы караңыз
Украинадагы согушка катышкан жарандын арызы Жогорку сотто каралуудаКазакстандын алты районунда суу тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал жарыяландыКыргыз-казак коргоо министрлери аскердик кызматташтыкты талкуулады