Ооганстанда нааразылык акциясын уюштурууга шек саналып камакка алынган кеминде сегиз аял бир нече сааттан кийин бошотулду. Өлкөдөгү аялдардын улуттук биримдик жана тилектештик кыймылынын мүчөлөрү 19-августта Кабулда камалган. Алар бошотулганы тууралуу 21-августта "Азаттыктын" ооган кызматы жазды.
Кыймылдын мүчөлөрү "Талибан" бийлигинин коопсуздук кызматкерлери кыз-келиндерди ырайымсыздык менен кармап кеткенин билдиришти. Алар нааразылык акциясын уюштуруу үчүн бир үйгө чогулганда камакка алынган. Маалыматка караганда, талибдер мындай акцияларды жабык өткөрүүнү талап кылган.
2021-жылы бийликке келгени "Талибан" өкмөтү аялдардын билим алуусуна, ээн-эркин жүрүшүнө чектөөлөрдү киргизген. Эл аралык уюмдар бул жагдайга тынчсыздануу билдирип келет.
"Талибан" бийлигин дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да тааныбайт. Аталган кыймыл экстремисттик деп табылган.
Дагы караңыз
Орусиянын космос кемеси Айга жетпей кулады "Кастыкты козутуу" беренеси менен милицияга жеткирилген жаран боюнча маалымат берилдиКадыровду сындаган активист Кыргызстанда кармалып, эки айга камалды