13-19-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.
Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 21-августта билдирди.
Жолугушууда чек араны демаркациялоо маселелери талкууланып демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (BTo)
Дагы караңыз
USAID долбоору кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмаларын жайылтуудаИранда хижаб кийүүдөн баш тарткандар 10 жылга чейин камалатЭквадордо талапкердин өлүмү менен коштолгон президенттик шайлоо өттүКемпир-Абад иши: абактагылар ачкачылык жарыялай турганын билдириштиКыргызстан он чакты көмүр кенин Кытай менен бирге иштетмей болууда УКМК кармалган чеченстандык активист боюнча маалымат берди