20-августта Австралия менен Жаңы Зеландияда аялдар арасында футбол боюнча дүйнө чемпиондугу аяктады. Финалдык беттеште Испаниянын футболчулары Англияны 1:0 эсебинде жеңди. Муну менен Испаниянын аялдар курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпиону болду. Финалда жалгыз голду Ольга Кармона киргизди.
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаты катары менен тогузунчу ирет өттү. Мелдешти буга чейин АКШ курамасы көп жеңип келсе, бул жолу чейрек финалга да өтө албады.
Коло медалды Швеция, төртүнчү орунду Австралия алды. Биринчи жолу чемпионатка 32 команда катышты. Орусиянын курамасы квалификациялык беттештерден ийгиликтүү өткөн. Бирок 2022-жылдын февралында Орусия Украинага согуш ачканына байланыштуу кийин турнирден четтетилип, буга чейинки жыйынтыктары жокко чыгарылган. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда чеченстандык активист Мансур Мовлаев кармалдыЗеленский: Киев F-16 кыргын салуучу учагын алатНавальныйдан тарапкерлери Путинге каршы акция өткөрүп жатышатНигерде хунта үч жылда жарандык башкарууга кайтарын билдирди"Эркин Бурятия" фондунун негиздөөчүсү сыртынан соттолот