Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында BYD Co Ltd электромобил чыгарган корпорациясынын төрагасынын орун басары Иван Цао менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тараптар Кыргызстанда электромобилдерди заряддоочу станция куруу, ток менен жүрүүчү автоунааларды сатуу жана чыгаруу маселелерин талкуулады. Жапаров бул үчүн инвесторлорго жагымдуу шарт түзүлөрүн кошумчалады.
Иван Цао алардын компаниясы быйыл жыл аягына чейин Бишкекте кызмат көрсөттүү борборун ачарын айтып, кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.
Мындан соң Жапаров электромобил чыгарган экинчи концерндин жетекчилиги менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулаган.
Ал Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда 16-19-август күндөрү жумушчу сапарда болуп, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумуна катышкан.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 29 келишимге кол коюлганын кабарлаган. (КЕ)