Президент Жапаровдун Венгрияга иш сапары башталды

Президент Садыр Жапаров Венгрияга иш сапары менен барды. 20-август. 2023

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчы Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жапаровду Венгриянын юстиция министри аэропорттон тосуп алды.

Кыргызстандын атынан барган расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жана Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков бар.

Сапардын алкагында мамлекет башчы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка иш-чараларга катышат.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат.

Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандан жөө күлүк спортчулар Тимур Исаков жана Гүлшанай Сатарова катышат. (КЕ)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Үрүмчүдө таза сууну экспорттоо маселесин талкуулады Орусиянын Черниговго соккусунан жабыркагандар 148ге жеттиКөк бөрү: Дүйнө кубогунун финалдык беттештери башталдыОрусия, Түркия жана Катар дан боюнча жаңы келишим даярдап жатат