Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 18-августта билдиргендей, ал Финляндиядагы кызматын Берлинде туруп айкалыштырып иштейт.
Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2022-жылы февралда дайындалган. (КЕ)