Карагандыда көмүр шахтасындагы өрттөн үч киши каза тапты

Шахтинск калаасындагы "Казакстан" шахтасынан чыккан түтүн. 18-август, 2023-жыл.

Казакстандын Караганды облусунун Шахтинск калаасында жайгашкан "Казакстанская" шахтасында тутанган өрттөн үч киши каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы шахтага ээлик кылган "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таянып жазды.

Расмий версияга караганда, шахтадагы өрт 17-августта эртең менен тутанган. Шахтанын ичин каптаган түтүндөн улам жумушчуларды эвакуациялоодо оорчулук жаралган. Жалпысынан 222 чыгарылган. 13 адам ооруканага жеткирилди. Дагы эки жумушчуну издөө иштери уланууда.

"АрселорМиттал Темиртау" компаниясы каза болгондордун жакындарына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлүп жактанын, кенемте төлөнүп берилерин билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кырсыктын себептерин ар тараптуу иликтөөнү жана жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

"Казакстанская" шахтасындагы окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Бул "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына караштуу сегиз шахтанын бири. Ал 1969-жылы эксплуатацияга берилген.

Былтыр ноябрда ушул эле компанияга караштуу Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болгон.

Дагы караңыз

Литва Беларус менен чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекетин жапты19-августтун аба ырайыЫсык-Көлдүн акими иштен кетти, Тоң жана Ак-Суунун акимдери сөгүш алды Ош милициясы Мирзиёевге кайрылган жарандан улам териштирүү баштады