Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунун финалчылары аныкталды. Бүгүн, 18-августта Кыргызстандын "Ынтымак" жана "Достук" командалары ат салышып, 2:0 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.
"Достук" кубогу үчүн финалда эми "Ынтымак" Казакстандын "Астана" командасы менен беттешет. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде утуп алды.
"Түркстан" (Казакстан) жана "Достук" (Кыргызстан) командалары 3-орун үчүн ат салышат.
Ал эми клубдар лигасында финалга “Жаштык” жана “Красноярск” командалары чыкты. Коло байге үчүн “Алтай” жана Өзбекстан командасы беттешет.
Финалдык оюндар 20-августта өтөт. Бул күнү жогоруда аталган командалардан сырткары 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешет.
Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат.
Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган. Дүйнө кубогун эки жылда бир өткөрүү пландалууда.(GT)
Дагы караңыз
Литва Беларус менен чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекетин жапты19-августтун аба ырайыЫсык-Көлдүн акими иштен кетти, Тоң жана Ак-Суунун акимдери сөгүш алды Ош милициясы Мирзиёевге кайрылган жарандан улам териштирүү баштадыЕреван армян аэропортун Азербайжан тарап аткылаганын билдирдиБишкекте поезд жолундагы кырсыктын себеби иликтенүүдө