Ысык-Көлдө кыргыз-казак аскерлеринин машыгуусу башталды

Коргоо министрлиги тараткан сүрөт.

17-августта Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскерлеринин “Эрдик” тактикалык-атайын машыгуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгууга 150дөн ашык аскер кызматкери катышууда жана 30га жакын атайын, авиациялык техникалар тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн чектеш аймактарында террордук коркунучка каршы чогуу күрөшүүнүн механизмин иштелип чыгат. Ошондой эле аскерлердин коюлган тапшырмаларды аткаруудагы жөндөмдөрүн баалоо маселеси каралат.

“Эрдик” машыгуусу 23-августта аяктайт.

Кыргызстан менен Казакстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында уюштурулган окутуу-машыгууларга катышып келет.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги март айында Индиянын аскерлери менен машыгуу өткөнүн билдирген. “Канжар-Х” деп аталган машыгуу жыл сайын өткөрүлүп турары маалым болгон.

Дагы караңыз

Ооганстанда "Талибан" кыймылы саясий партияларга тыюу салды Орусия Москванын үстүнөн дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы иштен кетти Июнь окуясы: УКМК күч кызматкерлеринин өлүмүнө шектүү киши кармалганын билдирди