Каракол: Төрөт үйүнүн дарыгерлерин айыптагандар президентке кайрылышты

Видео кайрылуу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Караколдогу төрөт үйүндө көз жарган келини жана анын ымыркайы оор абалда жатканын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгышты. 15-августта алар президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, “дарыгерлер карабай койгон” деп билдиришти жана жардам сурашты.

“Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз”, - деди келиндин күйөөсү.

Окуя 13-августта болгону айтылды.

Саламаттык сактоо министрлиги жана аталган төрөт үйүнүн жетекчилиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Ушул эле төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган. (RK)

Дагы караңыз

Зеленский Запорожьеде контрчабуулга катышып жаткан аскерлерге жолуктуТүркмөнстанды түйшөлткөн тамак-аш көйгөйү Рубль барган сайын арзандоодо. Сомдун куну кандай болот?