Ош-Кара-Суу жолундагы эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка шектүү катары жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы 15-августта “Азаттыкка” билдирди.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин (“Коркунучта калтыруу”) негизинде кылмыш иши козголуп, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалыматта тергөөнүн жүрүшүндө шектүү адам окуя болгон жерден качып кеткени аныкталганы айтылат.
“Жабырлануучулардын өмүрү жана ден соолугу коркунучта экенин билсе да, өзүн сактап калуу максатында окуя болгон жерден кетип калган”, - деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.
12-августта Ош-Кара-Суу жолундагы суу түтүгү кулап түшкөн кырсыктан эки адам каза болуп, үч киши жабыркаган, алардын экөө - жаш балдар.
Милиция билдиргендей, “J-FANG” үлгүсүндөгү унаа Кара-Суу районунун Нариман айылынын Насирдинов көчөсү менен бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, бузуп алган. Суу түтүгү жолдун каршы тилкесинде келе жаткан “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшүп кеткен.
Жеңил унаанын алдында олтурган эки адам ошол жерден көз жумган, ал эми арт жагындагы үч адам жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Дагы караңыз
Новопокровкалык дыйкандар сугат суудан улам кайра акцияга чыктыВолын облусунда Орусиянын чабуулунан үч адам набыт болду Эквадордо бир апта ичинде экинчи саясатчы өлтүрүлдүТегерандын чоң базарында катуу өрт чыкты