«Тасним» жарым-жартылай мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирандын баш калаасы Тегерандагы чоң базарда 15-августта өрт тутанды. Жабыркагандар же курман болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.
«Тегерандагы базардагы тилсиз жоо 30дай кампаны жана дүкөндү жок кылды», - деп жазды баш калаанын Өрт өчүрүү кызматы.
Тиешелүү кызматтар өрттү убагында өчүрүшкөнү менен, материалдык көп чыгаша келтирилгени кабарланды.
Тегерандын чоң базары 1873-жылы негизделген байыркы соода жайы.
Ансыз да экономикалык кризис тереңдеп турган маалда ирандык соодагерлерге өрттүн кесепети оор тийди. Иранда эл аралык санкциялардан улам каатчылык күч алып, былтыртан бери маянанын жогорулашын талап кылып мугалимдер, автобус айдоочулары нааразылык акцияларын уюштуруп келишет. Алардын көбү күч менен таркатылган.
Дагы караңыз
Махачкалада май куйган жайдагы жарылууда 35 адам мерт болду Активист Токтонасыров боюнча кылмыш ишин тергөө аяктап барататКараколдо аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды