Ошто Европадан жумуш убада кылган адам алдамчылыкка шектелип кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында кеңсе ачып, Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылган киши ири алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 15-августта Ош шаардык милициясынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Кызыл-Кыштак айылынын 28 жаштагы тургунун Бишкекте жашынып жүргөн жеринен кармап, Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алышты.

Ал Польшага жана Германияга жөнөтүп, ошол жактан жумуш таап берем деген убада менен 150дөн ашуун адамды алдап кеткени, алардын көбү виза ачтыруу үчүн 900-1800 евродон төлөп беришкени аныкталды.

Чет жакка жумушка орноштурууга лицензия берүү менен алектенүүчү Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун маалыматына караганда, уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча былтыр милицияга 35, быйыл алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына караганда, Кыргызстанда соңку үч жылдан бери жумушсуздук деңгээли 9% болууда.

Жумуш издеп, сырт жакка чыгып жаткандардын көбү жаштар. Алардын арасында түрдүү жеке агенттиктерге алданып, мыйзамсыз миграцияга, кулчулукка кабылгандар бар. (RK)