Зордуктап өлтүрүүгө айыпталган өспүрүмдүн жакындары ал күнөөсүз экенин айтып Бишкекке келишти

Бактияр уулу Элдиярдын жакындары Өкмөт үйүнүн алдында. 2023-жылдын 14-августу.

Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөн деп айыпталгандардын биринин жакындары акыйкат издеп өлкө жетекчилиги менен жолугуу үчүн Бишкекке келгенин билдиришти. Бүгүн 14-августта анын чоң апасы жана ата-энеси Өкмөт үйүнө барып, Баткенден атайын келгенин, бийлик өкүлдөрү менен жолукмайынча кетпей, ошол жерде түнөй турганын айтышты.

Кылмышка айыпталып жаткан өспүрүм Бактияр уулу Элдиярдын адвокаты Жылдыз Кадырова “Азаттыкка” бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бактияр уулу Элдиярдын күнөөсү жок экенин 90 эмес, 100 процент айта алам. Аны сабап, айыпты моюнуна алдырып, отургузуп салышкан. Райондук сот 10 жыл берген. Өспүрүм үчүн бул эң жогорку жаза. Азыр облустук сотто каралууда, бардык өтүнүчтөр четке кагылып, объективдүүлүк жок болууда. Судья орчундуу далилдерге көңүл бурбай жатат. Облус прокурору өзү да катышууда. Бирок мыйзамдарга көз жумулуп жатат. Бала окуя болгон жерде болгон эмес, башка жакта болгон, далилдер бар. Ага коюлуп жаткан айыпка түз эмес, кыйыр да далил жок».

Жактоочунун айтымында, облустук соттогу кийинки отурум 18-августта өтөт. Анда райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз каралууда.

Окуя былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында болгон. 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

Кылмыш жасалган учурда 11-класстын окуучусу болгон Бактияр уулу Элдиярды (2006-жылы туулган) Кадамжай райондук соту быйыл 7-февралда он жылга эркинен ажыраткан.

Төртүнчү кишини 28-февралда ошол эле сот өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү облустук сот кийин өзгөртүүсүз калтырган.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Маркум кыздын апасы социалдык түйүндөр аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылып, сот иши жылбай жатканына даттанган.

Өмүрүнүн аягына чейин кесилген кишинин жакындары 3-июлда Ош шаарында нааразылык акциясын өткөрүп, сот системасына, прокуратурага жана милициянын ишмердигине нааразылыгын билдиришкен.