Киев Бахмуттун тегерегиндеги ийгилиги тууралуу маалымат берди

Украина. Архивдик сүрөт.

Украина өткөн аптада Бахмут шаарына жакын чакан тилкени өз карамагына алганын бүгүн 14-августта өлкөнүн коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди:

«Куралдуу Күчтөр Бахмут, башкача айтканда, түштүк багытта алдыга жылышты. Өткөн аптада үч чарчы чакырым бошотулду. Жалпысынан Бахмут районунун түштүк флангында 40 чарчы чакырым жерди бошотуп алдык”.

Ошону менен катар, Анна Малярдын айтымында, украин аскерлери Донецк облусунун Урожайное деген айылында айрым ийгиликтерге жетише алышты. Аны бошотууга Украина 8-августта киришкен.

The New York Times басылмасы 13-августта жазгандай, Украина өлкөнүн түштүгүндөгү эки негизги багытта тактикалык жактан маанилүү прогресске жетише алды. (RK)