Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канат Исаевге козголгон кылмыш иши каралып жатат. Бүгүн, 14-августта экинчи сот отуруму болду.
Исаев "Азаттыкка" комментарий бергенде, процесс жабык өтүп жатканын, күбөлөрдөн көрсөтмө алуу башталганын билдирди.
Экс-депутат ушул жылдын январь айында үй камагына чыккан. Ал Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган саясатчылар жана активисттер менен катар былтыр 23-октябрда кармалган.
Анда Биринчи май райондук соту саясатчы 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында камалганын билдирген.
Исаев 2017-жылы "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган жана 2018-жылы июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
Саясатчы күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын бөгөт чарасы өзгөргөн жок Кыргызстанда 84 миңге чукул бал челек каттоодон өттү Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Жыргалаң жөнүндө түшүндүрмө берди Британияда украин аскер-деңиз күчтөрүнүн 900 жоокери машыгып келдиКанимет Осмонбеков Лейлек районунун акими болуп дайындалды