Украина: Согуш башталгандан бери 500дөй бала каза болду

Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия кол салган күндөн тартып Украинада 500дөй бала каза болгонун, дагы миңден ашууну жараат алганын 13-августта “Азаттыктын” украин кызматы өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына таянып жазды.

Ювеналдык прокурорлор бул расмий каттоого алынгандардын гана саны экенин, согуш жүрүп жаткан, оккупацияда турган жана бошотулган аймактарда каза болуп, түрдүү жараат алган балдарды аныктоо иши уланып жатканын айтышты.

Каза тапкан балдардын эң көбү Донецк (485), Харьков (298), Киев (129), Херсон (118), Запорожье (99), Николаев (97) облустарында, башка аймактарда да ондогон наристелердин, өспүрүмдөрдүн өмүрү кыйылган.

Украинага кол салып, согуштук аракетин улантып жатканы үчүн орус бийлиги эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келе жатат. Эки тараптан тең миңдеген аскер кызматкери каза болду, алардын азыркы тапка карата так саны белгисиз. Согуштун айынан миллиондогон украиналык жаран качкын болуп жүрөт. (RK)