Британияда жарым жылдык машыгууда болгон украиналык аскер-деңиз күчтөрүнүн 900 жоокери мекенине кайтып келди.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы аларды британ адистери негизинен сууда чакан кемелерде, деңиз жээктеринде десанттык операцияларды жүргүзүүнү үйрөткөнүн билдирди. Машыгууда танктарга каршы NLAW комплексин, минометторду, чалгын дрондорун жана Британия Украинага берген курал-жарактарды колдонууну үйрөнүшкөнүн кабарлады.
"Бул Британиянын Украина үчүн уюштурган биринчи десанттык машыктыруу программасы. Анын кульминациясы болуп украин деңиз аскерлеринин күн-түн дебей күзөт уюштурууну жана өткөрүүнү үйрөнгөнү болду", - деп жазылган маалыматта.
Ушул жылдын февраль айында Украинанын президенти Владимир Зеленский Лондонго барганда британ премьер-министри Риши Сунак украиналык жоокерлерди машыктыруу программасын жарыялаган.
Өткөн айдын аягында Daily Express басылмасы өз булактарына таянып Британияда эки миңден ашык украиналык жоокер контрчабуулга даярданып жатканын жазган. Алардын башкы максаты Орусия аннексиялап алган Крымды кайра кайтаруу операциясына катышуу экенин билдирген.
Британ адистери Украинанын Коргоо күчтөрүнүн "элиталык бөлүгүн" машыктырып жатканы айтылган. Алар абадан жана жерден чабуул жасоо операцияларына катышат. Daily Express бул операция ушул жылдын аягына чейин ишке ашат деп билдирген.
Басылманын ырасташынча, машыгуу полигону Британиянын түштүк-батышындагы Дартмурда жайгашкан жана пресса үчүн жабык.