Аба ырайы: өрөөндөрдө жамгыр, тоолордо кар жаайт

Ысык-Көл.

14-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 14-15-августта өрөөндөрдө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18-20° болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

14-августта түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° жылуу болот.