Украинанын Запорожье облусунун аскердик администрациясы акыркы суткада аймактагы 19 шаар-кыштак 114 жолу аткылоого туш болгонун билдирди.
12-августта эртең менен облустагы Орехов шаарына авиабомба менен чабуул коюлганын украин ички иштер министри Игорь Клименко Телеграмдагы каналында жазды.
Анын маалыматына караганда, соккудан 31 жаштагы полиция кызматкери мерт кетип, дагы 12 киши жараат алды. Алардын төртөө ИИМдин кызматкерлери.
Клименко бир нече кишинин абалы оор экенин, дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканын кошумчалады.
Ишембиде орус армиясы Купянск районундагы Купянск-Узловой айылын аткылап, 73 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов кабарлады.
Орусиянын аткылоолору күчөгөндүктөн, украин бийлиги 10-августта Купянскинин тургундарын эвакуациялай баштаган.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болбой турат.
Орус тарап Запорожьеге урулган сокку тууралуу комментарий бере элек.
Дагы караңыз
Прага: 60 миңдей киши бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну талап кылышты Орусия Крым көпүрөсүн аткылады деп Украинаны айыптады Бишкекте мечит-медреселер текшерилип жатат Эки киши каза таап, үчөө жараат алды. Кара-Суудагы кырсыкка ким жооптуу?