Чехиянын борбору Прага шаарында 12-августта ири гей-парад болуп өттү. Полициянын мааалымдашынча, ага 60 миңдей адам катышты. Парадга катышкандардын арасында ички иштер министри Вит Ракушан жана тышкы иштер министри Ян Липавский да болгонун Dpa агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, параддын катышуучулары ЛГБТ символикалары менен кийинип, шаар аралап жүрүштү. Алар бир жыныстуу никени каттап, расмийлештирүү талаптарын айтышкан.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ондогон адамдар гей-парадга каршы дагы жүрүш өткөрүп, бир жыныстуу никени айыптады.
Dpa агенттиги акыркы сурамжылоолорго таянып, өлкө калкынын 60% бир жыныстуу никени колдой турганын жазды. Июнь айында бир жыныстуу нике тууралуу мыйзам биринчи окуудан өткөн. Чехиянын Жарандык кодексине өзгөртүүлөр кирсе, бир жыныстуу никеге тургандар аял-эркек никесиндегидей эле укуктарга ээ болушат.
Дагы караңыз
Бишкекте мечит-медреселер текшерилип жатат Эки киши каза таап, үчөө жараат алды. Кара-Суудагы кырсыкка ким жооптуу? Путиндик Орусиядагы тарых окуу китептерининин бир беткей жактарыСадыр Жапаров АКШ президентине көңүл айтты