Сергиев Посаддагы жарылуудан кийин 12 киши дайынсыз болууда

Сергиев Посад шаарындагы заводдо болгон жарылуудан кийин тутанган өрттү өчүрүү учуру. 9-август, 2023-жыл.

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптико-механикалык заводундагы жарылуудан кийин он эки киши дайынсыз болууда. 9-августта болгон жарылууда бир киши мерт кетип, элүүдөн ашуун киши жаракат алды. Алардын бешинин абалы оор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги урандылардын алдынан адамдарды издөө иштери уланып жатканын билдирди.

"База" телеграм-каналы булагын көрсөтпөстөн түнү урандылардын алдынан үч кишинин сөөгүн алып чыгышканын жазды. Бул маалыматтын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес.

Жарылууга эмне себеп болгону азырынча так белгисиз. Расмий бийликтин өкүлдөрү билдиргендей окуя пиротехника сакталган кампада болгон. 10-июлда Орусиянын Тергөө комитети кампаны ижарага алып иштетекен "Пиро-Росс" компаниясынын техникалык директору кармалып, анын кеңсесинде тинтүү жүргөнүн билдирди. Жарылуу боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адамдын аты-жөнү так айтылбаганы менен, маалымат каражаттары кеп Сергей Чанкаев тууралуу болуп жатканын жазышууда. Ал 9-августта жарылуу пиротехника сакталган кампада эмес, анын жанында болгонун айткан. Ошондой эле жарылуунун алдында дрондукуна окшош үн укканын билдирген.

Дагы караңыз

БУУ каржы тартыштыгынан оогандарга жардамды кыскартарын эскерттиЖелим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамга кол коюлдуОрусиялык компания Баткенге шамал станциясын курары айтылды