Орус армиясы 9-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусундагы Никополь шаарын аткылады. 18 жаштагы улан каза болуп, дагы үч адам жараат алганын облустук кеңештин төрагасы Николай Лукашук билдирди.
Аткылоодон жергиликтүү чиркөө, карапайым тургундардын турак жайлары, электр зымдары жабыркаганы кабарланды.
9-августта орус армиясы Херсон шаарына жасаган артиллериялык чабуулдан бала бакчалардын бири жарым-жартылай талкаланды. Бир улгайган адам жараат алды. Бул тууралуу Херсон облусунун аскердик администрациясы билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы маалымдагандай, 8-августта орус армиясы жалпысынан төрт ракеталык, 53 авиациялык сокку урган. Андан тышкары украин армиясынын аскердик турумдарын аткылаган.
Дагы караңыз
ТИМ: Сергиев Посаддагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жокПрезидент Жапаров санкция боюнча АКШ сенаторунун катына жооп бердиБританияда Каримованын хан сарайы жана эки батири конфискация болду