Абакта кримтөбөл Көлбаевдин туулган күнү белгиленгени териштирилүүдө

"Кактус Медиа" басылмасы тараткан сүрөт

Чүйдүн Новопокровка айылындагы №3 колонияда Камчы Көлбаевдин туулган күнү белгиленди делген сүрөт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Ызаат Тургунбаева билдирди.

"Азыр ички иликтөө жана кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда толук маалымат берилет", - деди Тургунбаева.

Буга чейин "Кактус Медиа" басылмасы №3 абакта Камчы Көлбаевдин туулган күнү белгиленип, жайылган дасторкон четинде отурган адамдардын футболкасында кримтөбөлдүн сүрөтү тартылганын, ага Нурбек Саид жана Арслан аттуу кримчөйрөнүн адамдары катышканын жазып, сүрөтүн жарыялаган.

Сүрөт социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Айрым маалыматтар боюнча №3 колонияда 500дөн ашуун адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Камчы Көлбаевди АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошоп чыккан.

Ал 2021-жылы “Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу” беренеси менен шек саналып кармалып, Бишкек шаардык соту 2-мартта кайра эркиндикке чыгарганы белгилүү болгон.(MKt)

Дагы караңыз

Кыргызстандагы "Яндекс" кызматы Орусияга маалымат берилбесин айтты Акылбек Жапаров иши токтоп турган “Жунданын” башчыларынын жүйөсүн уктуАвстриялык экс-министр Карин Кнайсль Рязанда жашап жатат