Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8-августта 11 млрд 54 млн куб метрди түздү.
"Электр станциялары" ишканасы маалымдагандай, бүгүнкү күндө суу сактагычка секундасына 552 куб метр суу агып кирсе, 375 куб метр суу агып чыгууда.
Былтыр 8-августта суу сактагычта 13 млрд 3 млн куб метр суу болгон.
Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн экени болжолдонууда.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Президент Садыр Жапаров 24-июнда Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.(ZKo)
Дагы караңыз
Украин армиясы өлкөнүн түштүк-чыгышында контрчабуулун улантуудаКыргызстанда 12 465 жумушчу орун бошЖыргалаң кенин алган табышмактуу ишкер Марат ким?УКМК Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин ишин токтоттуБУУнун эксперттери Бакуну Лачын коридорун ачууга чакырыштыЫсык-Көлдөгү өлүм: ишти президент көзөмөлүнө алды