Кыргызстанда 12 465 жумушчу орун бош

Кыргызстанда жумушчулардын саны жетишпей жаткан тармактардын бири - тигүү тармагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 1-июлга карата Кыргызстанда 12 465 жумушчу орду бош. Мунун ичинде жумушчуларга суроо-талап басымдуу. Бул тууралуу "Азаттыкка" Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны - 99 100 адам. Андан тышкары расмий катталган жумушсуздардын саны - 74,8 миң киши. Бир бош орунга 16 жумушсуз адам талапкер.

Жарым жыл ичинде иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 7 522 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда иштеши үчүн 16 600 квота бөлүнгөн. Ага ылайык, эмгек квотасын көбүнчө чет өлкөлүк же кыргызстандык ишкерлер менен кызматташкан ишканалар суранат.

Кыргызстандын өкмөтү, аталган министрлик өлкөдө жумушчулардын саны жетишпей жатканын, өзгөчө тигүү тармагына жана кара жумушка иштөөчү адамдардын жетишсиздигин белгилеп келет.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу быйыл жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (29%) эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири деп жумушсуздукту аташкан.

Кыргызстандын 7 миллиондон ашуун калкынын миллионго чукулу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Кыргызстандан Түштүк Кореяга, Европанын айрым өлкөлөрүнө, Англияга талаа жана бакча жумуштарына тартылган кыргызстандык мигранттардын саны да арбыган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Бангладештен тигүүчү чакырдык". Толбогон иш орундары, токтобогон миграцияТүптөгү үч айылда 90дон ашык үйдү сел каптады Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койду Москва: кыргызстандык келин баласын урган деген шек менен камалды Покровск: Орусиянын соккусунан жети адам мерт болуп, 57 киши жараат алды Нукус окуялары: кыйноого айыпталган үч полиция кызматкери соттолду