Покровск: Орусиянын соккусунан жети адам мерт болуп, 57 киши жараат алды

Орусиянын армиясы 7-августта кечинде Донецк облусуна караштуу Покровск шаарын ракета менен аткылады. Украинанын Куралдуу күчтөрү бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин, бери дегенде жети адам мерт болуп, дагы 57 тургун жараат алганын кабарлады.

Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Херсонго бир нече жолу чабуул жасады. Анда дагы ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жараат алган. Учурда чабуулга кабылган жерлерде куткаруучулар иштеп жатат.

Харьковдогу Купянск району дагы аткылоого кабылды. Анда бомба түшүп, эки адам мерт болуп, дагы төрт киши жараат алды.

Украина тараптын билдиришинче, бул аймакта "кош сокку" тактикасы колдонулган. Анда жарылуу болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи сокку урулган. Натыйжада эки куткаруучу менен бир полиция кызматкери жараат алып, жер тамдар жабыркап, өрт тутанган.

Орусия Украинанын аймагына күн сайын чабуул жасап жатат. Москва жарандык объектилерге жана турак жайларга сокку урганы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Дагы караңыз

Түптөгү үч айылда 90дон ашык үйдү сел каптады Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койду Москва: кыргызстандык келин баласын урган деген шек менен камалды Ленин округундагы кайра шайлоо: БШК Эртай Искаковдун арызын каттадыЫсык-Көлгө май төгүлгөн окуядан улам скутер ээсине айып пул салынды Кыргыз-кытай чек арасы: өткөрмө бекеттеринин иши убактылуу өзгөрөт