Беларус оппозициясы Варшавада "Жаңы Беларустун" паспортунун таанытымын өткөрдү. Бул тууралуу "Азаттыктын" беларус кызматы жазды.
"Жаңы Беларустун" улуттук паспортун ойлоп табуу чечими 2020-жылдагы жапырт куугунтуктоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен беларус жарандары дуушар болгон кыйынчылыктардан улам жаралган. Аларга Беларустун чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө документ алуу же алмаштыруу дээрлик мүмкүн эмес.
Бириккен өткөөл кабинеттин эл аралык иштер боюнча өкүлү Валерий Ковалевский учурда Евробиримдиктин мамлекеттери менен "европалык шарттарга ылайыкталып жасалган" документти таануу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатышканын айтты.
Паспорттун үлгүсү Варшавада президенттикке мурдагы талапкер Светлана Тихановскаянын кеңсеси, Беларустун бириккен өткөөл кабинети жана Оппозициянын координациялык кеңеши уюштурган "Жаңы Беларус-2023" конференциясынын алкагында көрсөтүлдү.
Анда сөз сүйлөгөн Бириккен өткөөл кабинеттин өкүлү Павел Латушко учурда Беларуста кырдаал 2020-жылкыдан да жаман экенин билдирди.
Оппозициянын маалыматына караганда, учурда Беларуста 1800дөй саясий туткун бар, анын ичинде 196сы - аял жана сегизи - жашы жете элек балдар.
Дагы караңыз
ТИМ: Кулябдагы кырсыкта жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жокЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү айлампасы башталдыУлуттук банк чет элдик банктардын Кыргызстандагы эсебине байланыштуу өзгөртүүлөрдү сунуштады