Грузияда жер көчкүдө мерт болгондордун саны 16га жетти

Georgia Landslide

Грузиянын тоолуу Рача аймагындагы Шови курорттук айылында 3-августтагы жер көчкүдөн мерт болгондордун саны 16га жетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Кырсык болгон аймакта куткаруу, дайынсыз жоголгондорду издөө уланып жатат.

Буга чейин кеминде 35 адамдын дайыны чыкпай жатканы кабарланган. Кырсык болгон күнү алты адамдын сөөгү табылган.

Жер көчкү болгон аймактан жүздөгөн адам эвакуацияланган. Көчкү бир катар мейманканаларды жана коттедждерди басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысы Темур Мгебрашвилли куткаруу иштерине керектүү оор техникаларды алып өтүү үчүн убактылуу көпүрө орнотулганын билдирди.

Грузияда 7-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Дагы караңыз

Харьков: кан борборуна бомба тийип, мерт болгондор бар экени кабарландыИИМ көчөдө тапанча менен опузалаган адамга карата иликтөө баштадыТашиев күйүүчү майдын баасын 63-64 сомдон ашырбоону тапшырды Батыш Африка өлкөлөрү Нигерге аскер киргизүү планын даярдадыОшто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү Ош: жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады