Ош: жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады

Ош шаарында жаңы жөө өтмөктү куруу май айында башталган.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев Абсамат Масалиев жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан айланма жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулаганын билдирди.

Мунун алдында социалдык тармактарда 5-августка караган түнү аталган өтмөктүн бир бөлүгүндөгү курулуш урап калганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Пайзиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул кабарды төгүндөп, бетон куюп жаткан учурда техникалык катачылыктан улам жаңы куюлуп жаткан бетондун тирөөчтөрү кулап кеткенин айтты.

Бул курулуш ушул жылдын май айынын этегинде башталган. Жалпы курулушка шаардык казынадан 45 миллион сом бөлүнгөн. Анын бийиктиги жети метр, туурасы төрт метр болуп, төрт тарабынан жөө адамдар чыгуучу тепкич, майыптыгы бар, араба сүйрөгөн адамдар үчүн лифт орнотуу каралган.

Бул долбоор шаардагы унаа тыгынын жоюуга багытталганы айтылган. (DSh)

Дагы караңыз

Бишкек-Чолпон-Ата жолунда дем алыш күндөрү көзөмөл күчөтүлөтЕЭК: Бишкек электромобиль импортуна жеңилдикти узартууну сунуштадыЫсык-Көлдө көкбөрү боюнча дүйнө кубогу өтөт