Аба ырайы: күн ачык болот

5-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 35…37 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус ысык болот.

Дагы караңыз

Санарип кодекси коомдук талкууга коюлдуКыргызстандын банктары жарым жылда 12 млрд сом пайда таптыБишкек шаардык соту "Вефа" соода борбору боюнча чечим чыгардыДональд Трамп шайлоодо “кутум” уюштурууда күнөөсү жок экенин айтты