Орус армиясы 3-августтун таңында өлкө түштүгүндөгү Херсон шаарын аткылап, жети тургун жаракат алды. Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын маалымат катчысы Александр Толоконников "Азаттыктын" украин кызматына билдирди.
Анын айтымында, ракеталардын бири көчөдө бараткан троллейбуска тийип, үч киши жабыркаган. Алардын бири - улгайып калган эркек кишинин абалы оор деп айтылды. Андан тышкары биринчи аткылоодон кийин чиркөөнү каптаган өрттү өчүрүп жаткан төрт куткаруучу жаракат алган.
Херсон шаарын 2022-жылдын күзүндө украин армиясы орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда.
3-августка караган түнү орус армиясы Киевди "Шахед" дрондору менен аткылаган.
Украин баш калаасынын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.
Украианада коркунуч тууралуу эскертүү үч саат тынбай жаңырды. Ушул эле түнү Днепропетров облусундагы эки районго чабуул жасалды. Анын жыйынтыгында төрт менчик үй жана мектеп талкаланды.
Дагы караңыз
Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалыматка комментарий берди"Эл үмүтү" стипендиясына 13 студент тандалдыБишкекке жаңы автобустардын алгачкы партиясы 15-августта келет