Орус бийлиги 2-августта Балтика деңизинде кезектеги аскердик машыгуулары башталганын жарыялады. Ага 50дөй кеме жана 30дай учак тартылды. "Океан калканы-2023" деп аталган машыгууда алты миңдей деңиз аскери катышып жатканын Коргоо министри билдирди.
Иш-чара Украинадагы согуштан улам Орусия менен Европа мамлекеттеринин ортосунда чыңалуу курчуп турган маалда өтүп жатат.
Министрлик тараткан маалыматта жалпысынан курал колдонуу менен 200дөй көнүгүү аткарылары айтылган.
30-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында аскердик жана атомдук суу алдында жүрүүчү кемелердин парадына катышкан. Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарада быйыл 45тей кеме көрсөтүлдү.
Дагы караңыз
Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр алындыОрусияда журналист Иван Сафроновдун өкүмү өзгөргөн жок Министр "Азаттыктын" каарманы Викторияны кабыл алды