Министр "Азаттыктын" каарманы Викторияны кабыл алды

Каныбек Иманалиев жана Виктория Кринвальд.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев чет элдиктерге кыргыз тилин акысыз үйрөткөн Виктория Кринвальдды кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Азаттык" улуту немис, 24 жаштагы Виктория Кринвальд чет элдиктерге кыргыз тилин акысыз үйрөтүп жатканы тууралуу видео тарткан.

Ал бир жыл мурда Бишкекте кыргыз тили боюнча курс ачкан. Учурда каалоочуларга акысыз тил үйрөтөт. Казакстандан көчүп келген немис кызынын сабагына кыргызча үйрөнгүсү келген бардык улуттун өкүлдөрү келет.


Буга чейин Викториянын студенттери социалдык тармактар аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылып, курска катышууну каалагандар көп экенин, бирок бөлмө жетпей жатканын айтышкан.

Каныбек Иманалиев бул кайрылууга көңүл буруп, маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылганын, кесиптик-техникалык лицейлердин имаратында борбор ачууну сунуштаганын мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

17-июлда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдары, менчиктин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү болот.(КЕ)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз тилин акысыз үйрөткөн Виктория

Дагы караңыз

Чымкентте Январь окуясында курман болгондордун жакындары кармалдыОшто Кызыл-Жар айылындагы мектеп күйүп кеттиКыргызстан Жапониядан 2.26 млн доллар кайтарымсыз жардам алдыКайра шайлоо: Ленин округу боюнча 16 адам БШКга арыз бердиӨзбекстанда прокурор блогер Муминовду 11 жылга эркинен ажыратууну өтүндү