Соңку күндөрү Кытайдын баш калаасы Бээжинде тынбай жааган нөшөр бери дегенде 11 кишинин өмүрүн алды.
Бул тууралуу мамлекеттик CCTV телеканалы 1-августта билдирди. Кайтыш болгондордун экөө куткаруучулар экени кабарланды. 13 тургун табыла элек. Жакынкы Хэбей провинциясына 800 миңден ашуун киши эвакуцияланган. Ал жакта да табигый кырсык тогуз адамдын өмүрүн алганы маалым болду.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин жаандан улам жоголгондорду табууга жана куткарууга «бардык күчтү жумшоого» чакырды.
Кытайдын баш калаасынын метеорологиялык кызматы билдиргендей, мындай жаан байкоо жүргүзүлө баштаган 140 жылдан бери жаай элек болчу.
"Доксури" жаан аралашкан катуу шамалынан кийин башталган нөшөргө байланыштуу улам мектептер жабылды, авиакаттамдар токтотулуп, жол кыймылы токтоду.
Жаан дагы бир катар провинцияларда жаап жатат. Синоптиктердин маалыматында, жакынкы күндөрү Кытайда "Ханун" деп аталган жаан аралашкан катуу бороон күтүлүүдө.
Дагы караңыз
Орус армиясы Дунайдагы жана Кара деңиздеги украин портторуна сокку урдуПрезидент Садыр Жапаровдун китеби жарык көрдү"Туюк-Суу" уран калдыктарын сактоочу жайды рекультивациялоо башталдыИркутскиде тажик мигранттарынын жатаканасына өрт койгондор акталды