Төө-Ашуу тоннелине киргизилген чектөө 6-августка чейин алынат

Төө-Ашуу.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктаганын бүгүн, 1-августта кабарлады. Маалыматка караганда, жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка чейин алынат.

"1-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт төшөлөт. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы график күчүндө турат", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Буга чейин тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Аталган мекеме бул багытта иштер жакын арада башталарын билдирди.


Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы узундугу үч чакырымдык тоннелди оңдоп-түздөө иштери эки ай мурда башталган. Буга байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин машиналардын каттамына убактылуу чектөө киргизилген. Министрлик жол күнүгө үч маал - таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болорун эскерткен.

Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. Акыркы жолу 2000-жылы оңдоп-түзөдөн өткөрүлгөн. Бул жолу тоннелдин жолуна асфальт төшөлдү, электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. (КЕ)

Дагы караңыз

Пакистандагы жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" радикал тобу жоопкерчилик алдыЛитванын президенти Беларустагы «вагнерчилер» боюнча тынчсыздануусун билдирдиӨкмөт чек ара чырында жабыркагандардын жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштадыКривой Рогдо орус армиясынын соккусунан алты киши мерт кетти