Министр Ибраев кышында өчүрүүлөр болбой турганын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл кыш маалында Кыргызстанда электр кубатын өчүрүүлөр болбойт деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" берген маегинде. Анын айтымында, 3 млрд кВт/сааттык электр таңкыстыгын жабуу максатында Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусия менен келишимге кол коюлду. Ошол эле маалда азыркы тапта кышка камылганын алкагында көмөк чордондордо жана электр системасында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, Бишкекте жана аймактарда графиктин негизинде электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. "Мунун баары - кышында кризис болбош үчүн даярдык иштери", - деп кошумчалады министр.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жарлыгына кол койгон. Ага чейин 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөт жыйынында ушундай режим киргизүүнү сунуштаган болчу.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр кубаты өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы ыктымал экени айтылган.

Дагы караңыз

Кеминдеги майнинг ферма, президенттин жообуЭнергетикадагы кризистик абал: Өзгөчө кырдаал режими деген эмне?Борбор Азияга электр зымын эриткен ысык келди