ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү айлампасы башталды

Быйыл ЖОЖго 30 миң абитуриент кабыл алынары күтүлүүдө.

Жогорку окуу жайларга абитуриенттер кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 31-июлда кабарлады.

Кабыл алуу 2-август, саат 14:00гө чейин созулат. Ал эми кабыл алуунун 4-туру 7-августтан 9-августка чейин жүрөт.

Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат.

Быйыл Кыргызстандагы мектептердин аяктаган 60 миң окуучудан 50 миңи ЖРТга катышып, 30 миң улан-кыз босого баллдан өттү.

ЖРТга катышкандардын ичинен 54 окуучу “Алтын сертификат” алган.

Эң көп упайды (236) Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61 физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышты. (КЕ)

Дагы караңыз

Орус армиясы Кривой Рог шаарындагы көп кабаттуу үйгө сокку урдуБатумиде орус туристтеринин кемесине каршы дагы акция өттү Орусия Москва дрон чабуулуна туш болгонун билдирдиБишкекте кичи автобус менен жеңил машине кагышты