Беларустагы саясий туткундарга тилектештик билдирген онлайн-марафондо 500 миң евро жыйналды. Бул тууралуу 30-июлда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Беларус кызматы - Радыё Свабода билдирди.
"Бизге баары бир эмес!" деген ураандын алдында өткөрүлгөн 12 сааттык марафон YouTube аркылуу түз көрсөтүлдү. Аны жыйырмага чакты көз карандысыз Беларус маалымат каражаттары, анын ичинде "Радыё Свабода" жана укук коргоо уюмдары уюштурду.
Чогултулган каражаттын баары "саясий туткундарга" жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардамга которулат. Акчанын туура бөлүштүрүлүшүнө атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көз салат.
Уюштуруучулар түз ободо Беларустагы көрүүчүлөргө өз коопсуздугуна кам көрүүнү эскертип жатышты. Тактап айтканда, онлайн трансляцияга комментарий жазбоого, жактыруу белгисин баспоого, акчаны чет жакта жашаган жакындарынын эсеби аркылуу которууга үндөштү.
Беларус укук коргоочуларынын эсебинде өлкөдө "саясий туткун" деп бир жарым миңдей киши таанылган. Алардын көбү 2020-жылдагы шайлоодон кийин каршылык акцияларына катышканы үчүн соттолгон.
Дагы караңыз
Орус армиясы Кривой Рог шаарындагы көп кабаттуу үйгө сокку урдуБатумиде орус туристтеринин кемесине каршы дагы акция өттү Бишкекте кичи автобус менен жеңил машине кагышты