Орус армиясы Кривой Рог шаарындагы көп кабаттуу үйгө сокку урду

Орусиянын армиясынын ракеталык соккусу тийген карапайым тургундар жашаган көп кабаттуу үй. 13-июнь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 31-июлда украин президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени саналган Кривой Рог шаарындагы көп кабаттуу үйгө ракетадан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ракеталардын бири университеттин төрт кабатуу имаратына тийген. Урандылардын алдына адамдар калышы мүмкүн экени кабарланды. Ал эми экинчи ракета тургундар жашаган тогуз кабатуу үйгө тийген. Соккунун натыйжасында өрт тутанды. Алдын ала-маалыматка караганда эки киши мерт кетип, 20 чакты адам ооруканага кайрылды. Зеленский жабыркагандардын жакындарына социалдык баракчалары аркылуу көңүл айтты.

Учурда өрт өчүрүү жана урандылардан кишилерди куткаруу иштери жүрүүдө.

30-июлда Украинанын Донецк аймагында орус армиясынын аткылоосунан эки жайкын тургун мерт кеткенин облус губернатору Павел Кириленко 31-июлда билдирди.

Ал арада Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр түштүктөгү Запорожье аймагында украин армиясынын контрчабуулу ийгиликтүү жүрүп жактанын кабарлады.

"Мелитополь жана Бердянск багыттарында акырындап, бирок ишенимдүү баратабыз", - деп жазды Маляр Телеграмга. Ал аскердик аракеттер контрчабуулдун баардык багыттарында уланып жатканын кошумчалады.

Дагы караңыз

Батумиде орус туристтеринин кемесине каршы дагы акция өттү Орусия Москва дрон чабуулуна туш болгонун билдирди