31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус ысыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 35…37° ысыйт.
Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29° ысык болот.
Дагы караңыз
Журналисттер Украинадагы согушта өлгөн 28 миңден ашык орусиялык аскердин тек-жайын тактадыКаракалпакстан Өзбекстандын жакыр аймактарынын сап башында аталды"Көчөдө кыргызча кыйкырып, үйдө балдарыбыз менен орусча сүйлөшөбүз"Орусия Москва дрон чабуулуна туш болгонун билдирдиАзат Равшан апасы Салкынай Алимбаева боюнча билдирүү таратты