Кыргызстанда алты айда 330 миңдей чет өлкөлүк жаран каттоого турган

Кыргыз-өзбек чек арасы, "Достук" өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге чукул чет өлкөлүк жаран каттоого турган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңдей адамга көп.

Бул тууралуу санарип өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева 28-июлда “Кабар” маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, 60 күндүк каттоого турган чет элдик жарандардын көбү - мигранттар, студенттер жана туристтер.

Ушул жылдын апрель айында парламентте Жазгүл Кийизбаева былтыр каттоодон өткөн 297 миңдей чет өлкөлүк жарандын 220 миңден көбү өзбекстандыктар экенин билдирген.

Кыргызстанга өзбек жарандары көбүнчө курулушта, тигүү тармагында иштегени келет.

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасы: жүк ташыган машиналардын тыгыны жаралдыВладимир Зеленский аткылоого кабылган Одесса шаарына келдиСалык кызматы: “Жыйынды пост” системасы калыбына келтирилди