Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде бир канча жүк ташыган машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турганын билдирди.
Узун тыгындын себебин Салык кызматынын “Жыйынды пост” маалымат системасынын ишинин үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүрдү. Ага ылайык, бул автоматташтырылган система 27-июлда кечки саат 22.50до белгисиз себептерден улам бузулуп калган.
“Ошол эле маалда Чек ара кызматынын тышкы миграцияны каттоо системасы штаттык режимде иштеп жатат. Жагдай тууралуу айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп жазылган маалыматта.
Салык кызматы соңку кырдаал тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.
"Жыйынды пост" системасы чек ара бекеттеринде Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин алкагында товарларды эсеп-кысапка алуу үчүн колдонулат.
Дагы караңыз
Владимир Зеленский аткылоого кабылган Одесса шаарына келдиСПИД борбору Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында калатБир катар тажик банктары "Юнистрим" аркылуу акча которууну чектеди Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кыздын сөөгү табылды