Чолпон-Ата шаарында эки адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин атайын жумушчу топ 229 курорттук-ден соолукту чыңдоочу жайды, 1096 жеке секторду, 29 суу транспортун, беш суу аттракционду текшерди.
Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясы билдирип, жыйынтыгында эреже бузуу боюнча 25 факты аныкталганын жана материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылганын кошумчалады.
23-июлда 16 жаштагы бала катуу айдаган моторлуу кайык сүйрөп баратканда “таблетка” баллону Чолпон-Атада эс алуучулар отурган токтоп турган теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жараат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада дарыланууда.
Кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектелүүчү 26-сентябрга чейин мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүндө болот. Жабырлануучулар катердин 16 жаштагы айдоочусуна доо коюудан баш тартканы кабарланды.
Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди. (BTo)
Дагы караңыз
Беларуста Тихановскийлердин батири аукциондо сатылдыТайлаков “Яндекс.Таксинин” баасын жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирдиСПИД борбору Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында калатNYT: Украин армиясы контрчабуулдун негизги баскычына өттүШаардык сот Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырдыАлтайда тик учак кырсыгынан алты киши мерт болду