NYT: Украин армиясы контрчабуулдун негизги баскычына өттү

Запорожье облусунда украин аскерлери орус армиясынын турумдарына сокку уруп жатат. 24-июнь, 2023-жыл.

Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулдун негизги баскычын баштады.

Бул тууралуу The New York Times басылмасы Пентагондогу эки булагына шилтеме жасап жазды.

Маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.

Эгер контрчабуул ийгиликтүү жүрсө, украин армиясына Мелитополго жол ачылат.

Пентагондогу булактар ырастагандай, контрчабуулдун максаты - Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу.

Басылма украин күчтөрүнүн жаңы операциясы үч жумага чейин созулушу мүмкүн экенин жазды.

Ошол эле учурда Financial Times басылмасы аскерлердин айтканына шилтеме жасап, контрчабуулдун биринчи баскычындагы каталардан улам Киев тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болгонун жазды. Эми украин куралдуу күчтөрү орус армиясынын коргонуу турумдарын артиллериялык курал менен аткылоого киришти.

Гезиттин булактары маалымдагандай, операциянын башында украин аскерлеринин арасында башаламандык байкалган. Алдыга бараткандар миналанган талааларга жеткенде, орус тик учактарынын чабуулуна туш болгон.

Дагы караңыз

Алтайда тик учак кырсыгынан алты киши мерт болдуШаардык сот Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырдыГепатитке каршы акысыз текшерүү жүрүп жатат